Биз менен байланышыңыз

Президент «Жеңиш» аянтындагы эскерүү митингине катышты (сүрөт)

Кыска кабар | 9 мая 2022 | 269 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Бишкек шаарындагы «Жеңиш» аянтында өтүп жаткан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты.

Өлкө башчы алгач «Өчпөс отко» гүл коюп, согушта курман болгондорду эскерди.

Эскерүү митингине президент Садыр Жапаровдон тышкары экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана башкалар келди.

Copyright © 2017 Maral FM