Биз менен байланышыңыз

«Мектептерге окуу китептерин жалгыз адам жазбаш керек»

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 166 | 0

Мектептердин окуу китептерин жалгыз адам жазбаш керек. Мындай пикирин педагогика илимдеринин кандидаты Алмазбек Токтомамбетов Таласта өтүп жаткан мугалимдердин илимий симпозиумунда билдирди.

«Окуу китептерин автордук коллектив жазсын. Автордук коллективде окумуштуу болсо, методист болсо анан конкреттүү түрдө мектептин мугалими болсо. Ошондо гана жакшы китеп чыгат. Экинчи маселе линейка маселеси, бир авторлор 6-класска китеп жазбыды, ошолор 7-класстын да китебин жазышса. Ошол эле учурда ошол авторлордун ичинен кимдир бирөө андан кийинки класстардын китебин жазуу үчүн да калса. Буга чейин кандай маалыматтарды бердик эле, мындан кийин эмнени беребиз» , — деди ал.

Ошондой эле ал өлкөдө окуу китептерине байланыштуу маселе көп экендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM