Биз менен байланышыңыз

Шаматов: Жаш мугалимдерди колдоо керек

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 469 | 0

«Кыргызстанда педагогика боюнча жогорку билимди алып, университетти бүткөн студенттер 21-22 жаштагы жарандар. Ошондуктан биз аларды жаш же жаңы мугалимдер деп коебуз. Жаш мугалимдер мектепке мугалим болуп жаңыдан барганда биринчи кезекте «мени коллектив кандай кабыл алат» деген суроо көбүрөөк ойлондурат. Бул чоң маселе».  Мындай пикирин Казакстандын Назарбаев университетинин жогорку билим берүү мектебинин профессору Дүйшөн Шаматов Таласта өтүп жаткан мугалимдердин илимий симпозиумунда билдирди.

Анын айтымында, жаш мугалимдердин биринчи эле көйгөйү эптеп ошол мектепте иштеп кетүү тилеги.

«Жаш мугалим ишин жаңы  үйрөнүп жаткандыктан ага биринчи мезилде азыраак саат берилсе, ага жеке бөлмө берилип ресурстар берилсе жакшы болот. Ошол эле учурда жылуу сөз айтылып, мугалимдер тарабынан колдоо болсо. Бирок булар дайыма эле боло бербейт, тилекке каршы. Эгерде колдоо болбосо, көңүлү калып, мектепти таштоого арагасыз болушат» , — деди Шаматов.

Ошондой эле ал көп жылдык тажрыйбалуу мугалимдер пенсияга чыкканга мажбур болушкандыктан, мектепте туруктуу мугалаимдер болушу үчүн жаш мугалимдерге колдоо керектигин кошумчалады.

Мындан сырткары ал өлкөдө көпчүлүк учурда жаш мугалимдер мектептеги эмгек жолунун алгачкы 2-3 жылдыгында мектепти таштап кетип калган учурлар көп экендигин белгиледи.

«Кейджианалитисктин маалыматы боюнча 60% жаш мугалим 3 жылдын ичинде мектептеги ишин таштап кетип калышат экен. Бул- чоң таргедия. Канча даярдап, инвестиция салба, алар кетип калат экен» , — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM