Биз менен байланышыңыз

Караколдо жол кырсыгынан айдоочунун кыздары каза болду

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 191 | 0

Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, эки наристе каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

4-май күнү саат 15:20 чамасында Каракол шаарынын тургуну 1974-жылы туулган Ю.Ф. өзүнө тиешелүү «Тойота-эстима» унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, «Чебер» дүкөнүнүн тушунан рулду башкара албай калып, жолдун күн чыгыш тарабындагы бордюрду сүзүп, ала салып кеткен.

Себеби айдоочунун айтымында, кызы түшүрүп алган пакеттеги семичкени алып берем деп, унааны башкарууда алаксып калган. Натыйжада, автоунаанын жүргүнчүлөрү айдоочунун кыздары 2015-жылы туулган Ю.Н. окуя болгон жерде, 2020-жылы туулган Ю.Р. дубандык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болушкан.

Айдоочу Ю.Ф. жана анын жүргүнчүлөрү 2011-жылы туулган Ю.С. менен 2013-жылы туулган Ю.З. дене жаракаттарынан улам оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM