Президенттик аппараттын командасы футзал боюнча «Мурас» турниринин жеңүүчүсү болду.
5-майда өткөн финалдык беттеште «Президенттик аппарат» «Жогорку Кеңеш» командасы менен беттешип, 7:3 эсебинде утуп алды.
3-орун үчүн болгон беттеште «Алганын» ардагерлери «Ыйман» командасын пенальтилер сериясында жеңип алышты.
Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде болду.