Биз менен байланышыңыз

Бообек Ажикеев сел жүрүп жаткан аймакка барды

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 163 | 0

Өзгөчө кырдалдар министри Бообек Ажикеев сел жүрүп жатканына байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагына барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Алай районунда сел жүрүп, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү аракеттери көрүлөт.

Азыркы тапта Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматынан 392 жаран жана 42 техника тартылды.

Ал эми Ош облусунда Жарандык коргонуу кызматынан 141 жаран жана 14 техника иштеп жатат.

3- май күнү саат 16:00 чамасында мөндүр аралаш жааган жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, Алай районундагы Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак жана 1-май айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел сууларынын кесепетинен Корул дарыясынан, ички чарбалык жана сел каналдарынан өткөн көпүрөлөрдү, турак үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду, огород жана социалдык объектилерди сел каптап, айрым объекттер авариялык абалга келген.

Ал эми сугат каналдары жана жолдор сел калдыктарына толгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM