Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Кара-Балта жолундагы оңдоо иштерине байланыштуу кырсык көбөйүүдө

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 507 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы жолдордун абалына байланыштуу кырсыктардын саны өсүп жатканын билдирет.

Мекеменин басма сөз кызматы 4-майда кабарлагандай, Бишкек-Кара-Балта жолунда (6-чакырымдан 60-чакырымга чейин) жол кырсыктарынын саны өсүүдө. Бул аймакта 4 ай ичинде 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 96 адам жаракат алган.

Аталган участкадагы жолдун абалы начар, жөө жүргүнчүлөр үчүн тосмолор жана тротуарлар жок, бул дагы көп кырсыкка себеп болууда.

Быйыл үч айда Москва, Сокулук жана Жайыл райондук бөлүмдүн инспекторлору тарабынан укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин талаптарына ылайык, 493 жөө жүргүнчү жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары, бул участокто подрядчынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен комиссиялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кытай темир жол инженердик компаниясынын жетекчисине 2022-жылдын 25-февралына чейин коркунуч жараткан жолдорду тейлөөдөгү аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө жазылган.

Ал эми көрсөтмөнүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Кытай темир жол инженердик компаниясынын инженери Б.Жумалиевге 23 000 сом айып салынган. Бирок текшерүү учурунда белгилүү болгондой, узак убакыт бою бул иш-чаралар аткарылган эмес.

Ошондой эле, 2022-жылдын 29-мартында комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен 11 жерге өзгөчө тилкелерди коюу, 4 жерге чакырылуучу жөө жүргүнчүлөр светофорун куруу, кошумча дагы 4 жерге темир тосмолорду орнотуу, кийинки бурулуштун жана кескин бурулуштардын жакын аралыгына байланыштуу 17 жерге парапеттер менен артка кайтаруучу жерлерди жабуу боюнча сунуштар киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM