Биз менен байланышыңыз

Соңку суткада Кыргызстанда 18 жол кырсыгы катталды

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 325 | 0

Өткөн суткада Кыргызстанда 18 жол кырсыгы катталды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыктарынын кесепетинен 29 адам жаракат алган.

Жол кырсыгынын 56%ы  оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен катталып, анын кесепетинен 15 адам жабыркаганы айтылды.

2-майда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгында эки адам каза болуп, 10 киши жабыркаган.

ЖККББнын маалыматына караганда, 2022-жылдын 4 айында эле аталган унаа жол тилкесинде 74 жол кырсыгы катталып, анда 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жараат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM