Өткөн суткада Кыргызстанда 18 жол кырсыгы катталды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыктарынын кесепетинен 29 адам жаракат алган.
Жол кырсыгынын 56%ы оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен катталып, анын кесепетинен 15 адам жабыркаганы айтылды.
2-майда Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгында эки адам каза болуп, 10 киши жабыркаган.
ЖККББнын маалыматына караганда, 2022-жылдын 4 айында эле аталган унаа жол тилкесинде 74 жол кырсыгы катталып, анда 12 адам каза болуп, 96 адам ар кандай жараат алган.