Биз менен байланышыңыз

«Мурас» турнири: «Президенттик аппарат» чейрек финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 мая 2022 | 894 | 0

Футзал боюнча өтүп жаткан «Мурас» турниринин экинчи турдагы оюндары өтүп жатат. Тайпалык этаптын жыйынтыгында ар бир топтон экиден команда чейрек финалга чыгат.

2-турдагы оюнда «Ден соолук» командасы менен — «Президенттик администрация» ойноду. Президенттик аппараттын командасы  «Ден соолук» командасын 4:0 эсебинде жеңип алды. Садыр Жапаров үч гол киргизди. Эки раунддан кийин анын эсебинде 5 гол болду.

Андан кийин «Билим» жана «Өнөр» командалары ойноп, «Билим» командасы 4:1 эсебинде атаандашын утту.

Ал эми «Элчилер» — «Бизнес» командаларынын беттешинде бизнес өкүлдөрү элчиликтердин өкүлдөрүн 2:0 эсебинде утушту.

Андан кийин «Аймактар» жана «Алга» командасы ойноп жатат. Азырынча эсеп 0:2.

Мурас турнири: Биринчи турдун жыйынтыгы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM