Футзал боюнча өтүп жаткан «Мурас» турниринин экинчи турдагы оюндары өтүп жатат. Тайпалык этаптын жыйынтыгында ар бир топтон экиден команда чейрек финалга чыгат.
2-турдагы оюнда «Ден соолук» командасы менен — «Президенттик администрация» ойноду. Президенттик аппараттын командасы «Ден соолук» командасын 4:0 эсебинде жеңип алды. Садыр Жапаров үч гол киргизди. Эки раунддан кийин анын эсебинде 5 гол болду.
Андан кийин «Билим» жана «Өнөр» командалары ойноп, «Билим» командасы 4:1 эсебинде атаандашын утту.
Ал эми «Элчилер» — «Бизнес» командаларынын беттешинде бизнес өкүлдөрү элчиликтердин өкүлдөрүн 2:0 эсебинде утушту.
Андан кийин «Аймактар» жана «Алга» командасы ойноп жатат. Азырынча эсеп 0:2.
Мурас турнири: Биринчи турдун жыйынтыгы