Биз менен байланышыңыз

Нарын: Арал-Миң-Куш унаа жолуна түшкөн көчкү тазаланып жатат

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 373 | 0

Бүгүн, 4-майда Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал-Миң-Куш унаа жолуна түшкөн жер көчкү тазаланып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 1-май күнү саат 15:00 чамасында Арал-Миң-Куш унаа жолунун 20-чакырымында (Кызыл-Сөөк тилкесинде) 2014-жылы түшкөн жер көчкү кайрадан активдешкен. Жалпы болжолдуу көлөмү 15000 м3 болуп, Миң-Куш дарыясын жарымын басып калган.

Буга байланыштуу суунун денгээли көтөрүлүп, унаа жолдун болжол менен 35-40 метр аралыгын жеп кеткен.

Унаалардын өтүүсүнө кооптуу абал пайда болгонуна байланыштуу жол убактылуу жабылган. 3-май күнү жол бир тараптуу ачылган.

Бүгүн жерине “Альянс” ишканасынан тийиштүү күчтөр тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM