Биз менен байланышыңыз

ИИМ жарандарды 9-майда чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырат

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 515 | 0

Ички иштер министрлиги жарандарды улуттар аралык кастыкты козутуучу аракеттерден алыс болууга чакырат.

Мекеменин басма сөз кызматы 4-майда билдиргендей, Жеңиш күнүн майрамдоонун алдында милиция кызматкерлери Орусия менен Украинанын ортосундагы жагдайга байланыштуу сүрөттөрдү, эмблемаларды, белгилерди колдонуу жана тагынбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Укук коргоо кызматкерлери Дордой, Орто-Сай, Ош базары сыяктуу ири базарларда да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мындан тышкары, аскер кийимдерин саткан же ижарага алган соодагерлер менен да сүйлөшүп жатышат.

«Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучуларына алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, интернет булактарында да мониторинг жасалууда.

Ошондой эле, унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптагандарга да жоопкерчилик караларын эскертти.

УКМК Z белгиси бар аскердик кийимдерди жайылтпоого чакырат

Copyright © 2017 Maral FM