Биз менен байланышыңыз

Эртең 31 градуска чейин ысык болот

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 336 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызстанда 29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +2…7, күндүз +17…+22,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…7, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында 29-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +27…+29.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM