Биз менен байланышыңыз

Алча терини жашартып, эс тутумду жакшыртат

Блог | 15 мая 2024 | 343 | 0

Бул жемиш Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өстүрүлүп, көп адамдардын мезгилдик бизнесине айланган десек болот. Алчаны бакчаңызга отургузуп алсаңыз 50 жылга чейин мөмөсүн берет.

Таттуу алчанын ден-соолукка пайдасы

-организмдеги өнөкөт оорулардын (жүрөк, рак, альцгеймер ж.б.) өнүгүүсүнөн коргойт;

-иммунитетти чыңдайт;

-көздүн көрүүсүн жакшыртат;

-булчуң жана нерв талчаларынын өткөрүмдүүлүгүн жакшыртат;

-сөөктөрдү бекемдейт;

-холестеролдун деңгээлин төмөндөтөт;

-карыларда эс тутумду жана уйкунун сапатын жакшыртат;

-зат алмашууну, тамак сиңирүүнү жакшыртып, ич катуунун алдын алат жана арыктоого көмөктөшөт.

Эс тутумду жакшыртат

Таттуу алча антоцианинге бай. Ал кошулма эс тутумга жана жалпысынан мээнин иштешине оң таасир этет. Муну окумуштуулар изилдөөсүндө далилдеген. Мындан тышкары, көптөгөн мөмөлөр сыяктуу эле, алчанын курамында полифенол көп. Ошондуктан мээнин картаюусун жайлатат жана көп жылдар бою жакшы эс тутумун сактайт.

Зат алмашууну нормалдаштырат

Мөмөдө В витамини жана клетчатка көп. Алар зат алмашууну жакшыртат. Таттуу алчанын курамындагы өсүмдүк антиоксиданттары майлуу тамактарды оңой сиңирүүгө жардам берет.

Жүрөктүн иштешин жакшыртат

Мөмөдө 100дөн ашык антиоксидант бар. Алар рактын алдын алууда жардамчы болот. АКШда жылына 3 кг таттуу алча же андан көп жеген адамдардын 1 кг же андан аз жегендерге салыштырмалуу онкология жана жүрөк-кан тамыр оорулары азыраак экени далилденген.

Теринин абалын жакшыртат

Ретинол жана антиоксиданттар таттуу алчада көпкө сакталат. Бул мөмө жаштыкты узартууга, шлактарды жана токсиндерди убагында чыгарып турууга жардам берет.

Уйкуга оң таасирин тийгизет

Мелатонин биздин биоритмдерге жана уйкунун сапатына жооп берген гормон. Алчада мелатонин абдан көп. Ошондуктан күн сайын бир ууч мөмө уйкуну бекемдеп, тезирээк уктоого жардам берет. Медициналык дарылардан айырмаланып ден соолукка эч кандай терс таасири жок.

Күнүнө канча алча жесе болот?

Таттуу алчанын суткалык нормасы 200 граммды түзөт, бул бир стаканга туура келет. Бул өлчөмдө 110 ккал, 2 грамм белок, 1 грамм май жана 21 грамм углевод бар.

Мындан тышкары, аны күндүн биринчи жарымында ичүү ылайыктуу.

Таттуу алчанын ден-соолукка зыяны

Алчанын көп артыкчылыктарына карабастан, аны этияттык менен колдонуусу керек болгон адамдардын категориялары бар.

Алчанын курамында фруктоза бар болгон үчүн кант диабети менен ооруган адамдар этият болушу зарыл. Себеби кандагы канттын көбөйүшүнө алып келет.

Гилас тандоо жана аны сактоо боюнча 8 кеңеш

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM