Биз менен байланышыңыз

Гилас тандоо жана аны сактоо боюнча 8 кеңеш

Блог | 25 мая 2021 | 1320 | 0

Кыргызстанда кокон гилас деп таанылган жемиштин мекени – Испания. Ал тургай бул туурасында «Гилас жеген бир гана падышанын иши эмес» деген макалы да бар. Тактап айтканда, гилас испан падышасынын гана дасторконуна коюлуп келген сыйлуу мөмөлөрдүн бири болгон. Учурда гилас дүйнөгө кеңири жайылгандыктан, аны бардык эле адамдар сатып жей алышат. Баасы да баарынын капчыгына ылайыктуу. Бирок гиласты кантип туура тандоо жана сактоо керек? Бул боюнча Испаниянын  La Vanguardia басылмасы окурмандарына 8 кеңеш даярдаган. Анын котормосун сиздерге сунуштайбыз:

1. Гиласты алчадан ажырата билиңиз

Тексттин башында бири-биринен даамы менен айырмаланган эки мөмө тууралуу билип алыңыз. Тагыраагы, таттуу гилас (prunus avium) жана кычкыл даамдуу алча (prunus cerasus) деп экиге бөлүнөт. Ошондой эле экөөнүн кыйыштырылган (гибрид) түрү да бар. Гилас алчадан биринчи бышып, базарга май айында чыгат. Анын мөмөсү чоң тоголок, жүрөкчө сыяктуу болот. Мунун баары сортуна карап бөлүнөт. Айрым сорттору ширелүү болсо, айрымдары катуу болот. Бул гиластын жакшы же жаман экенинен эмес, болгону түрүнө карай бөлүнөт. Мисалы, Burlat сорту баарынан эрте бышып, сабагы кыска, мөмөсү ирик болот. Бирок бул сорт азыр популярдуулугун жоготуп, учурда дүйнөдө Early Lory, 4-70, Marvin сорттору көп сатылууда. Ошондой эле гиластын өңү сары, кызгылтым жана кочкул кызыл болот.

Ал эми алча бышкан учурда кызыл түстө болот. Көбүрөөк турган сайын кочкул тарта баштайт. Көлөмү гиластан бир топ кичирээк болот. Бышуу мезгили июнь айларына туш келет. Алчанын мекени катары Италия айтылат. Алча гиласка салыштырмалуу кычкыл болгондуктан аны кыям, шире жасоодо, таттууларга, кондитердик азыктарга кошууда көп колдонушат.

2. Эрте бышкан жана кеч бышкан түрлөрү

Гиластын сезону май айынан баштап, августка чейин созулат. Бул мөмө мезгилдик гана болуп, алма, алмурут сыяктуу узак мөөнөткө сакталбайт. Гиласты өз убагында терип алуу керек. Ал өтө назик мөмө болгондуктан, сабагынан үзүлгөн соң бышпайт. Испаниялык адистердин айтымында, гиластын канчалык кеч бышкан сорту ошончолук даамдуу болот.

Ошол эле учурда гиластын даамы ал өскөн аймакка карап да өзгөчөлөнүп турат. Мисалы, Испаниянын Валье-дель-Херте аймагындагы гилас эрте бышат жана күнөстүү болгондуктан, таттуу да келет. Бирок кабыгы жумшак болот. Ал эми тоолуу аймактагы гиластар кеч бышат. Бирок күнөстүү жерге салыштырмалуу кара кочкул келип, кабыгы катуу болот да, көпкө сакталат.

3. Жарылган жана так түшкөн гиласты албаңыз

Гилас шабдаалы сыяктуу мөмөлөрдүн түркүмүнө кирет. Бирок карарган же так түшкөн жери болсо эле аны даамдуу деп эсептегенге болбойт. Испаниялык адистер так көп түшкөн, жарылып кеткен мөмөнү алуу туура эмес деп эсептейт. Себеби, гилас бат бузулган мөмө болгондуктан, бузулгандан улам да жарылып кетиши мүмкүн.

Дагы бир эске алуучу жагдай, гиластын сабагы жок болсо, өзөгүн кароо зарыл. Сабак үзүлгөн жерге (өзөккө) так түшүп калса, анда ал мөмө жарым сааттан кийин бузулуп кетет.

А эгер гиластын сабагы болсо, анда анын өңү жашылын тандаңыз. Эгер гиластын сабагы саргайып же карарып баштаган болсо, анда көпкө туруп калган же дартка чалдыккан дарактан үзүлгөн.

4. Өңү менен даамынын айырмасы

Гиластын өңү сортуна жараша кызыл, кара кочкул, кочкул, сары болот. Бирок бир гана кара кочкул болгону даамдуу деген түшүнүк туура эмес. Болгону кызыл өң мөмөгө антоциан затын бергендиктен, эң жакшы антиоксидант болуп саналат. Ошондой эле кальций, темир жана калийге бай болот.

Даамы эрте бышкан жана кеч бышканы менен айырмаланат. Канчалык кеч бышса, ошончолук даамдуу болот. Ал эми базардан тандаган учурда сырты жылтырап турганын алыңыз. Өңү бозомук тартып калганы көпкө туруп калган мөмө болот.

5. Сабагы  бар жана сабагы жок гиластын түрлөрү

Picota сортундагы гилас дүйнөдө сабагы жоктугу менен таанымал. Бул гиластын кеч бышкан сорту болгондуктан, аны бактан үзгөндө сабагынан оңой ажырайт. Lapins жана Californianas сорту да сабагы жок сатылат.

Эрте бышкан гиластар сөзсүз сабагы менен үзүлөт. Анткени алар жумшагыраак болгондуктан сабагынан ажыратса, бат бузулат. Мындан улам гиластын сабагы бар же жогу сортуна жана бышкан мезгилине жараша болот.

6. Гиластын көлөмүнө карап тандоо

Гилас канчалык ири болсо, ошончолук даамдуу деген түшүнүк туура эмес. Ошого карабастан дүйнөдө баары бир ири гиласка талап жогору. Гиластын мөмөсүнүн көлөмдүү болушу аны сугарууга байланыштуу. Канчалык көп сугарылса, ошончолук көлөмдүү болот. Бирок, ченеминен ашыкча сугарылган гиластын даамы бузулуп калышы да мүмкүн. Ошол эле учурда тоо суусуна сугарылган гиластын мөмөсү даамдуу болот.

7. Гиласты жышып жууган туура эмес

Жогоруда эксперт белгилеп өткөндөй, гиластын кабыгы жука болот. Ал эми кабыгы айрылган мөмөгө суу тийгенде бат бузулат. Азыркы дүйнөлүк стандартка ылайык, гилас дарактарына зыяндуу заттарды чачып азыктандыруу дээрлик жокко чыккан. Мындан улам, гиласты жышып жууганга зарылчылык жок. Эксперт гиласты сууга салып бир аз тыныктыруу же шар аккан сууга чайкоо жетиштүү деп эсептейт. Ошондой эле гиласты дасторконго коёрдо гана жууган туура. Бир канча саат мурун жууп, даярдап коюуга болбойт.

8. Гиласты муздаткычта сактаңыз

Гиласты көпкө сактоого болбойт. Бирок сиз көп сатып алган болсоңуз, анда ашыгын жуубай туруп, муздаткычка салыңыз. Эгер гиласты жууп же суу тийгизип муздаткычка салсаңыз, бузулуп кетет. Ал эми гиласты кышкыга тоңдуруп коем десеңиз, анда аны жууп, кайра кургатып, пластик контейнерге бири-бирине жабыштырбай салыңыз. Тоңдурулган мөмөнү балмуздак, смузи, компот же пирог даярдоодо колдонсоңуз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM