Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы такталгандан кийин тосмо коюлат

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 567 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында такталбаган жерлер бар. Чек араны толук чечпей туруп, тосмо тартууга болбойт.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде айтты. Ал билдиргендей, Тажикстан менен 600 чакырым жер такталып бүттү, 300 чакырымы калды. Президенттин пикиринде, талаштуу жерлерди тактоо процесси жай жүрүп жатат.

«Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей. Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо коё албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз. Чек ара посттору ачылат. Соода-сатык жүрө баштайт. Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам», — деди Жапаров.

Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын 68,4%ы такталганын билдирди

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча чек ара башчылары протоколго кол коюшту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM