Биз менен байланышыңыз

Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасынын 68,4%ы такталганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 2091 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн Исфара шаарына жасаган сапары учурунда Кыргызстан менен чек араны тез арада тактоого кызыктар экенин билдирди. Ал тажик калкын коңшулар менен ымалада жашап, провокацияларга алдырбоого чакырды.

 Тажик президенти бүгүн Исфара шаарынын активдери менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасын тактоону “чечүүчү маселелердин бири” деп атады. Ал чек араны тактоодо сүйлөшүү жолу менен чечүү зарылдыгын белгилеген.

Эмомали Рахмон “Кыргызстан менен чек араны тактоо 2002-жылдары башталган. Учурда жалпы 987 км узундуктагы чек аранын 663,7 км такталды, тагыраагы 68.4% аныкталды”, — деп билдирген.

Ошондой эле, Исфара шаарынын калкын коңшулар менен достук мамиледе болууга чакырып, эмоцияга алдырбоосун суранган.

Исфара — Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында жайгашкан. Ал экономикалык, социалдык өнүгүүсү жагынан Тажикстандын башка аймактарына салыштырмалуу бир топ артта калган.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да кыргыз-тажик чек арасы тууралуу пикирин билдирген. Ал чек араларды тактоо иштери жай жүрүп жатканын белгилеген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM