Connect with us

12 медициналык колледждин тагдырын сот чечет

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2022 | 925 | 0

Өткөн аптада саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 жеке менчик медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койгон. Ал эми бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги өз позициясын билдирип жооп кайтарды. Бул тууралуу министрдин орун басары Расул Абазбек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал ошондой эле аракеттеги мыйзамдардын алкагында гана чечимдер кабыл алына турганын эскертти.

«12 медколледжди жабуу үчүн бир нече этаптан турган иш-аракет жүргүзүү керек. Алсак, медициналык колледждер лицензиянын негизинде иш алып барышат. А лицензиянын аракети соттун чечими менен гана токтотулат. Ошондуктан биз мыйзамдын чегинде гана чечимдерди кабыл ала турганыбыз боюнча билдирүү тараттык», — деди ал.

Медициналык окуу жайлардын сапатына Билим берүү жана илим министрлиги да көңүл бурарын, буга байланыштуу быйыл лицензия алууда пландан тышкары талаптар коюлганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM