Биз менен байланышыңыз

Президент Кумтөр боюнча: Мен сырларды ачыктаганда уялып калышат

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 1658 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек курду. Анда ал учурдагы актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берген.

«Кумтөр» боюнча суроолорго азырынча жооп бербей турарын жана келишим күчүнө киргенден кийин коомчулукка маалымат берерин айтты.

«Туура көрсөңөр, «Кумтөр» боюнча азырынча жооп бербей турсам. Анткени өткөндө кол коюшкан келишимибиз үч айдан кийин күчүнө кирет. Күчүнө кирер замат коомчулукка баарын ачыктайм. Жашыра турган эч нерсебиз жок. Калпагыбызды көккө ыргытуу менен кол коюштук. Кыргыз эли үчүн 99 пайыз пайдалуу чечим болду. Баарын коомчулукка кийин чечмелеп берем. Мен деле угуп жатам анча-мынча «былжырактарды». Азырынча былжырагандар былжырап турушсун. Мен бардык сырларды коомчулукка айтып чыккандан кийин уялышар эгер беттери калың болбосо. Ай, бирок ким билет. Андайлар уялып калуу дегенди деле билишпейт экен», — деди президент.

4-апрелде президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга толук өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын жарыялаган.

Садыр Жапаров Кумтөрдө алтын казуу азайганы тууралуу суроого да жооп берип, быйыл 17 тоннанын тегерегинде алтын казыларын айтты. Мындан тышкары, бир грамм алтын уурдалбай турганына ишендирди.

«Руда келип фабрикага түшкөндөн баштап, алтын чыгып, Кара-Балтага жеткенге чейин, андан аффинаждалып Улуттук банкка келгенге чейин, бардык жерде он катар күзөтүүлөр, онлайн камералар турат. Андан сырткары бир-эки эле киши катышпайт процесске. Ар бир жерде он чактыдан киши катышып, актыларга кол коюшуп, ар бир граммын жазып, бири-бирине өткөрүп берип турушат. Ал видеолор баары архивде сакталуу болот. Азыр дагы барып, былтыркы ушул күндүн видеосун жана бардык алтындын көлөмүн карап чыксаң болот. Ал эми сатканын Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Ал дагы архивде калат. Кайсы күнү канчадан сатканы, биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Алтындын ар бир граммы эсеп-чотто турат», — дейт Жапаров.

Мамлекет башчы Азербайжанга расмий сапары менен барганга чейин «Фейсбукка» билдирүү жазып, ушул сапардан кийин коомго ачык маек берерин айткан.

Садыр Жапаров: Тышкы карыз 84 млн долларга көбөйдү

Copyright © 2017 Maral FM