Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Тышкы карыз 84 млн долларга көбөйдү

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 371 | 0

2020-жылкы октябрдан бери тышкы карыз 84 миллион долларга көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде  билдирди.

Президент билдиргендей, аталган сумма мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча.

«Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тышкы карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. Каржы министрлигине барып, иликтегичтер муну да иликтеп чыксаңар болот. Анан да, бул сумма – мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары бир топ каражат грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Кыргызстанга жардам катары берип жатышат. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз», — деди президент.

Президент ошондой эле кызматтык мөөнөтү бүткөнчө, тышкы карыздын жарымын жаап кеткенге аракет кыла турганын билдирген.

Садыр Жапаров: Дүйнөлүк саясатка баш тыгып эмне кылабыз?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM