Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын балбандары Азия чемпиондугунда 14 медаль алышты

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2022 | 521 | 0

Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын балбандары 14 медаль алышты.

19-апрелде башталган Азия биринчилиги бүгүн, 24-апрелде жыйынтыкталуу алдында турат. Анда чөлкөмдөгү мамлекеттерден келген грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш балбандары намыс талашты. Алардын катарында Кыргызстандан 21 балбан барып, 14ү байге алды.

Грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг), Акжол Махмудов (77 кг) алтын, Адилхан Нурланбеков (72 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг), Роман Ким (130 кг) коло медаль алышты.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медалга ээ болушту.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш, Алмаз Сманбеков (57), Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Исламбек Орозбеков (74 кг), Арсалан Будажапов (79) коло медаль тагынышты.

Муну менен Кыргызстандын балбандары 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль менен оюндарды жыйынтыкташты.

Copyright © 2017 Maral FM