Биз менен байланышыңыз

Президент православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Апр 2022 | 949 | 0

Президент Кыргызстандагы православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Пасха күнүндө жакын туугандарына, досторуна зыярат кылуу, белек-бечкек берүү, мамиле кылуу, эски таарынычтарды кечирүү салтка айланганын эске салды.

«Бул жаркын майрам тууган-туушкандардын жана достордун чөйрөсүндө достук маанайды жаратып, бакыт жана кубаныч сезимин пайда кылат. Пасха майрамында сиздерге үмүт-тилектериңиздин жана жакшы демилгелериңиздин аткарылышын, жан дүйнө тынчтыгын жана бейпилдик каалайм. Кереметтүү өлкөбүз Кыргызстанга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү, ал эми көп улуттуу элибизге биримдик, ынтымак, бири-бирине болгон урмат-сый жана кайрымдуулук каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Copyright © 2017 Maral FM