Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кайсы кызматка дайындалары тууралуу маалыматтар чыгып жатат.
Kaktus.media өз булактарына таянып, Руслан Казакбаев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болорун жазды.
Буга чейин бул кызматты азыркы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев аткарып келген.
Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматынан 22-апрелде алынды. Анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды. Ал буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.