Connect with us

Азия биринчилиги: Эрназар Акматалиев күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 23 Апр 2022 | 1426 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды.

70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3 эсебинде, жарым финалда монголиялык Темулен Энцтуйаны 12:6 эсебинде утуп алган.

Финалда япониялык Тайши Нарикуни менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Муну менен Кыргызстандын байге куржуну 4 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль менен толукталды.

Эрназар Акматалиев 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышкан, ушул жылы Осло шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде күмүш медаль, Белградда өткөн 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө чемпиону болгон.

2021-жылдын 25 жашка чейинки эң мыкты 25 балбанынын катарында кирген. Дүйнөлүк рейтингде өз салмагы боюнча биринчи орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM