Биз менен байланышыңыз

Байсалов: Пенсионерлерге татыктуу карылыкты камсыз кылуу керек

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 438 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эл менен жолугуп, пенсиялык реформа тууралуу айтты.

Ал реформанын негизги максаты пенсиянын базалык өлчөмүн жогорулатуу жана пенсиялык системанын туруктуулугун камсыз кылуу экенине ишендирди. Шаар тургундары пенсияны адилет бөлүштүрүүнү өтүнүштү.

Эдил Байсалов бир катар олуттуу өзгөрүүлөр пландалып жатканын, бул коомдо түшүнбөстүк жаратышы мүмкүн экенин, элге маалымат жеткирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биздин пенсионерлердин азыр алып жаткан пенсиясы өтө төмөн. Аны оңдоого убакыт келди. Пенсионерлерге татыктуу карылыкты камсыз кылышыбыз керек. Биригүү аркылуу алдыдагы өзгөрүүлөр эмнеге багытталганын ар бир жаранга түшүндүрүү зарыл. Бул жеңил болбойт, бирок бизде саясий эрк жана келечекте татыктуу пенсия алуу үчүн ай сайын эмгек акысынын бир бөлүгүн которуп турган жарандардын колдоосу бар», — деди Байсалов.

11-апрелде Жогорку Кеңеште пенсиялык системаны реформалоо боюнча парламенттик угуу өткөн. Анда Байсалов Кыргызстанда Социалдык фонддун төлөмдөрүн төккөндөр аз экенин, социалдык төлөмдөрдү негизинен эң ири компаниялар төлөй турганын айткан. Ал эми базардагы соодагерлер, мигранттар, фермер-дыйкандар Милдеттүү камсыздандыруу фондуна да, Соцфондго да бир сом төлөбөй турганын билдирген.

«Бизде төлөм төккөндөр аз. Биз жарандарга пенсия үчүн акча чогултуу керектигин туура түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Эгер жаран бир сом да Соцфондго төлөбөсө, анда мамлекет эч нерсеге милдеттүү эмес», — деп билдирген Байсалов.

Ал ошондой эле аялдардын пенсия курагын 60 жашка чыгарууну сунуштаган. Коомдо бул демилгелер сын-пикирди пайда кылган.

Пенсия системасы реформаланат

Copyright © 2017 Maral FM