Биз менен байланышыңыз

Пенсия системасы реформаланат

Коом , Саясат | 11 Апр 2022 | 2357 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети «Пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө» Концепциянын долбоору боюнча парламенттик угуу уюштурду. Анда өлкөдө пенсия чегерүү, анын көлөмү, ошондой эле милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармактарында көйгөйлөр арбын экенин белгилешти. Депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү негизги көйгөйлөрдү атап, сунуш-пикирлерди беришти. Пенсиялык реформаларга алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Жогорку Кеңеште «Пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө» Концепциянын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов калктын жашоосун жакшыртуу, социалдык жактан коргоо, ден соолугуна кам көрүү Президенттин Министрлер кабинетине койгон орчундуу талаптарынын бири болуп санала турганын белгиледи.

Ага ылайык, Өкмөт медициналык тейлөөнү жалпыга бирдей кылууга, коомдук коргоо үчүн мамлекеттик кепилдиктерди аныктоого умтулууда. Ага жетүү үчүн пенсия системасын жана Милдеттүү медициналык камсыздандырууну реформалоо белгиленүүдө.

«Бул багытта иштер жүргүзүлө баштады, тактап айтканда, социалдык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Жыл аягына чейин бюджеттен каржыланган бардык кызматкердин айлыгын көтөрүү жана пенсияны жогорулатуу пландалып жатат».

Жыйында баяндама жасаган социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева пенсияга байланыштуу жалпы статистикалык маалыматтар менен тааныштырды. Анын билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө калктын 10,4%ын пенсионерлер түзөт. Республика боюнча пенсия алгандардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облусунда турат. Жогорку 22 миң 677 сом пенсия алгандар Бишкек шаарында, ал эми эң төмөнкү пенсия Ош облусунда болуп, 5337 сомду түзөт. Ошол эле учурда эң төмөн эмгек акы Баткен облусунда болуп, 13 миң 17 сомду түзөт.

Гүлнура Жуматаева ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнө да токтолуп, көмүскө жүргүзүлгөн аракеттер тууралуу буларды маалымдады:

«Жеке ишкерлер кызматкерлеринин, жумушчуларынын санын толук көрсөтпөй, социалдык жана башка салыктык төлөмдөрдү жүргүзбөстөн көмүскө иш алып барат. Натыйжада иштегендер келечекте медициналык тейлөөдөн жана пенсиядан куру калуу коркунучу бар. Алсак, мейманканалардын 88%ы, транспорт-жүктөрдү сактоо тармагындагылардын 81%ы, дүң жана чекене соода жүргүзгөндөрдүн 86%ы, курулуш тармагындагылардын 94%ы, айыл чарба тармагындагылардын 78%ы, кайра иштетүү тармагындагылардын 76%ы көмүскөдө же формалдуу эмес иш алып барат».

Гүлнура Жуматаева баяндамасында Кыргызстанда учурдагы система боюнча пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жаштан чыга турганын айтып, Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатканын билдирди.

Анын айтымында, Европада аялдар жана эркектер бирдей эле 65 жашта пенсияга чыгат.

«Айымдар пенсияга эртерээк чыгат, ошол эле учурда орточо жашоо узактыгы да эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк болот. Пенсионерлердин 70%ын айымдар түзөт. Дүйнөдө эркектер менен аялдардын пенсия курагын теңөөгө барып жатышат. Биз азыр теңөө жөнүндө сөз кылган жокпуз, биз болгону 58 жаштан 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Пенсияга жаш курагы боюнча эркектер 63, аялдар 60 жашта чыга турган кылып, ортодогу айырмачылыкты 2-3 жыл кылууга аракет жасап жатабыз».

Аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүү сунушу жыйында кызуу талкууга кабылып, ар түрдүү сынды пайда калды.

Буга себеп катары Социалдык фонд Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, жыл сайын жашоо узактыгы 3,5-4 айга өсүп жатканын, ага ылайык, азыр аялдардын өмүрүнүн узактыгы орточо 76 жашты, ал эми эркектердики 68 жаш экенин жүйө келтирди.

Ал эми депутат Камила Талиева реформаны ишке ашырууда аймактардын өзгөчөлүгүн эске алуу зарылчылыгын белгилеп, буга чейин да ар кандай демилгелер көтөрүлгөн менен каржынын жоктугунан ишке ашпай калганын айтты.

«Чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары пенсиясына 2000 сомдон кошулганына сүйүнүп жатышат. Ал эми 100 метр алыстыктагы Кулунду, Ак-Суу кирбей калды эле, эл нааразы. Пенсиялык реформа дегенден кийин калыстыктан тайбай, түпкү реформаны ушулардан баштоо керек. Ушундай слайддар мындан 10 жыл мурда да жасалып жүргөн. Анын баары ишке ашкан жок. Кеп духта эмес, эркте эмес, кептин баары каржыда. Биз күнү-түнү иштеп, укмуш слайддарды жасаганбыз. Тынымсыз элдик угууларды өткөргөнбүз, бирок каржы жок, ошонун баары ишке ашпай калды».

Андан тышкары «Пенсионерлер» партиясынын төрайымы Замира Шабданалиева пенсиялык саясат боюнча жарандарга маалымат жетишсиз экенин белгилеп, бардык айыл-шаарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгына токтолду.

«Түшүнүктүү, каражат жетпегендиктен пенсионерлердин да пенсиясы көтөрүлбөй жатат. Аны биз канча суроо берсек да, жумуш орундары түзүлмөйүнчө, аткара алышпайт. Биздин долбоорлор бар, ошол долбоорлорду колдоп берсеңиздер. Пенсия боюнча алыскы аймактарга таптакыр маалымат жетпейт. Мына Соцфонддун жетекчиси жана орун басарлары отурасыздар, пенсионерлер менен кантип байланышып жатасыздар? Баяндамаңар абдан жакшы, бирок элге жетпей жатат. Ушундай эле угуулар аймактарда, шаарларда, райондун борборлорунда болсо жакшы болот эле».

Талкуунун соңунда комитет төрайымы Динара Ашимова айтылган ар бир сунушту эске алуунун маанилүү экенин белгиледи. Концепциянын долбоору кийинки отурумда да талкуулана турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM