Биз менен байланышыңыз

Азия биринчилиги: Айсулуу Тыныбекова финалга өттү

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2022 | 826 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова финалга өттү.

62 кг салмакта күрөшкөн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова беттештерин чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында монгол кыз Хонгорзул Болдсайханды 7:1 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда өзбек кыз Набира Эсенбаеваны далысын килемге басып, 6:0 эсебинде утуп алды.

Эми ал финалда жапон кыз Нонока Озаки менен күрөшөт.

Айта кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилигинин кыз-келиндер күрөшү кечээ, 21-апрелде башталган. Анда Кыргызстандын эки балбан кызы 68 кг салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медаль, 76 кг салмакта Айпери Медет кызы алтын алып, Азия чемпиону аталды.

19-мартта башталган күрөш боюнча Азия биринчилиги 24-апрелде эркектер арасында эркин күрөш менен жыйынтыкталат.

Азия чемпионаты: Айсулуу Тыныбекованын медалын алууга Айпери Медет кызы чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM