Биз менен байланышыңыз

Мамипотекалык компания: Турак жайдын чарчы метринин баасы 10 миң сомго көтөрүлдү

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 634 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик турак жай саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү.

Координациялык кеңештин жүрүшүндө ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында сатылып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси каралды.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, программанын негизги максаты – жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотеканын шарттарында жеке турак жайга муктаж жарандардын көпчүлүк бөлүгүн камсыз кылуу.

«Турак жайды алуу шарттары ийкемдүү жана аткарууга мүмкүн болушу керек. Жарандарга кыйынчылык туудурган шарттарды түзүүнүн кереги жок. Жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу маселеси учурда Министрлер кабинетинин күн тартибиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана бул маселе президенттин өзгөчө көзөмөлүндө турат», — деди Кожошев.

Өз кезегинде «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова белгилегендей, дүйнөдөгү саясий окуяларга, ошондой эле доллардын курсунун туруксуздугуна байланыштуу «Менин үйүм 2021-2026» программасына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Кеңири талкуунун жыйынтыгы боюнча турак жайдын 1 чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлдү. Ошол эле учурда, 1 чарчы метр үчүн максималдуу баа боюнча чектөөлөр акыркы 10 (он) жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга жайылтылбайт. Ошондой эле, алынган турак жай иштеген жеринен 60 км алыс эмес, же иштеген жери боюнча областтын административдик-аймактык чегинде жайгашуусу тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM