Биз менен байланышыңыз

4-майда өлкө башчы кошо ойногон футболдук турнир өтөт

Кыска кабар , Спорт | 21 Апр 2022 | 406 | 0

4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана Президенттин администрациясы биргеликте уюштурган «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

2021-жылы декабрдагы турнирдин жыйынтык иш-чарасында президент Садыр Жапаров бул саамалык салттуу түрдө жылына эки жолу: кышкы жана жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:

  • Президент Жапаров башында турган «Президенттин администрациясы» командасы;
  • маданият ишмерлери – «Өнөр» командасы;
  • бизнес өкүлдөрү – «Бизнес» командасы;
  • ЖМК өкүлдөрү – «Журналисттер» командасы;
  • ата мекендик футболдун ардагерлери – «Алга» командасы;
  • спорттук федерациялардын жетекчилери – «Спорттук федерациялар» командасы;
  • Парламенттин депутаттары – «Жогорку Кеңеш» командасы;
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – «Аймактар» командасы;
  • дин өкүлдөрү – «Ыйман» командасы;
  • чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – «Элчилер» командасы;
  • ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – «Ден соолук» командасы;
  • ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – «Билим» командасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM