4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана Президенттин администрациясы биргеликте уюштурган «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбук» баракчасына жазды.
2021-жылы декабрдагы турнирдин жыйынтык иш-чарасында президент Садыр Жапаров бул саамалык салттуу түрдө жылына эки жолу: кышкы жана жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.
Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:
- Президент Жапаров башында турган «Президенттин администрациясы» командасы;
- маданият ишмерлери – «Өнөр» командасы;
- бизнес өкүлдөрү – «Бизнес» командасы;
- ЖМК өкүлдөрү – «Журналисттер» командасы;
- ата мекендик футболдун ардагерлери – «Алга» командасы;
- спорттук федерациялардын жетекчилери – «Спорттук федерациялар» командасы;
- Парламенттин депутаттары – «Жогорку Кеңеш» командасы;
- Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – «Аймактар» командасы;
- дин өкүлдөрү – «Ыйман» командасы;
- чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – «Элчилер» командасы;
- ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – «Ден соолук» командасы;
- ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – «Билим» командасы.