Биз менен байланышыңыз

Азия биринчилиги: Кыргызстандын эки балбаны коло медаль үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 20 Апр 2022 | 482 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков менен 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков коло медаль үчүн күрөшө турган болду.

Үзүр Жусупбеков алгачкы беттешинде индус балбан Рави Равини 3:1 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Экинчи кармашында Ирандын балбаны Мехди Мохаммад Балихамзедеге 4:1 эсебинде алдырып жиберип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Эми ал үчүнчү орун үчүн беттеште корей балбаны Жево Пак менен күч сынашат.

Ал эми Адилхан Нурланбеков биринчи беттешинде эле Ирандын балбаны Мохаммад Реза Мохтариге 0:9 эсебинде алдырып жиберген. А бирок ирандык балбан финалга өткөндүктөн, Нурланбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Адилхан Нурланбеков үчүн орун үчүн кармашта өзбекстандык Мирзобек Рахматовго бет келет.

Айта кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилигинин экинчи күнүндө Кыргызстандан 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга өтүп, алтын медаль үчүн күрөшө турган болду. Финалдык беттештер саат 16:00дө башталат. Аны Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтөт.

Азия чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM