Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 20 Апр 2022 | 305 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтүүдө.

Жоламан Шаршенбеков мелдештин чейрек финалында Монголиянын балбаны Балжинням Севенравданды 8:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда казак балбан Ернур Фидахметовду 6:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Эми ал финалда Ирандын балбаны Мехди Мохсен Нежад менен беттешет. Финалдык оюндар саат 16:00дө башталат.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргызстандык беш балбан килемге чыкты.

Азия чемпионатынын кечээки беттештеринде Акжол Махмудов (77 кг) жана Тынар Шаршенбеков (63 кг) алтын медаль, Роман Ким (130 кг) коло медаль алган.

Эскерте кетсек, Азия чемпионатына Кыргызстандан жалпы 21 балбан катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM