Ботаникалык бакты Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы ботаникалык багына барганда айтты.
«Бул талаш жаратып келет. Кандай болгон күндө да иштин башка түрү үчүн кайра профилдештирүү укугусуз Ботаникалык бактын толук кандуу илимий мекеме катары статусу сакталып калат. Бак камкордукка муктаж, илимий кызматкерлер бакчаны тазалоо менен алектенбеши керек. Алардын милдети башка», — деди Байсалов.
Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген жана аянты жана өсүмдүк коллекцияларынын курамы боюнча Борбор Азиядагы эң ири бакчалардын бири болуп саналат.
Эдил Байсалов лабораторияларды, күнөсканаларды, бакчаларды кыдырып көрүп, аймакты өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырды.
«Шаардын көчөлөрүндө жана аянттарында гүлбакта өскөн жоогазындын сейрек кездешүүчү түрлөрүн отургузууга болот. Мисалга, «Жашылдандыруу» ишканасы бул жоогазындарды дээрлик Голландиядан сатып алат. Алардын мекени Ала-Тоо болуп саналат. Албетте, биз борбор шаарды бир заматта жоогазын гүлдөрү менен толук камсыздай албайбыз, бирок бул процессти баштасак болот. Менеджердик идеялар керек, бирок биринчи кезекте бакчанын аймагын тазалап, аны көрктөндүрүү керек. Биз адам ресурстары менен камсыздоого жардам беребиз», — деди ал.
Ботаникалык бак жоюлуп кетүү коркунучунда турат