Биз менен байланышыңыз

Ботаникалык бак жоюлуп кетүү коркунучунда турат

Коом , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 4778 | 0

23-24-июнда Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта өрт чыккан. Акыркы жылдары бул аянтта өрт кырсыгы өтө көбөйдү. 2021-жылдын башынан бери эле 10го жакын өрт катталган. Күйө турганчалык ысык мезгилде тургай, жазында суук болгон учурда да өрттөнгөн учурлар да болот.

Улуттук илимдер академиясына караштуу Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы илим изилдөө институтунун директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Дөңбаева бакчаны мамлекет тарабынан коргоого алуу азыраак экенин, ошондой эле сугат маселеси да көйгөй жаратарын айтып берди. Ал өрттү ким бирөөлөр атайын уюштуруп жатат деп болжолдойт.

«Аймак чоң болгондон кийин шаардын жашоочулары бул жерге сейилдегени, эс алганы көп келишет. Ботаникалык бак өзгөчө коргоого алынган аймактарга кирет. Мыйзамдуу түрдө коргоодо турат. Негизи илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Эгемендиктен баштап татыктуу каржы болбогондуктан иш өтө солгундап кеткен. Тегеректин баары ачык калган, корголбой калган. Биздин элди да тартипке келтире албай жатабыз. «Артыңарды тазалап кеткиле, ит менен киргенге, веллосипед тепкенге болбойт; сейилдегиле, ден соолукту чыңдагыла, бирок таштанды таштабагыла», — деп эскертип келебиз. Ким экени белгисиз, бирок бирөө атайын уюштурган. Себеби азыр өтө ысык эмес, кырктан ашпай эле. Анын үстүнө бир эле учурда 2-3 жерден өрт чыгышы мүмкүн эмес. Камералар толук кандуу иштебейт, айланасы тосулганы менен, адамдар каалагандай секирип кирип, бекинип ала беришет. Спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чегип киргендерди өзүбүз көрүп калсак, эскертебиз. «Өздөрүнүн кызматкерлери өрт чыгарды, курулуш иштери жүргүзүлөт имиш», — деген ушактарды окуп калдым. Мындай маалымат — калп. Эч кандай курулуш иштери болбойт. Ал мыйзамга да, биздин илимий статуска да туура келбейт». 

Өлкө боюнча үч ботаникалык бак бар: экөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын шаарында. Жалпысынан 65 кызматкер эмгектенет. Анын алтысы Нарындагы корукту карайт. Айлыгы 3750 сом эле болгондуктан, жумушчуларды, кароолчуларды табуу, табылса да көпкө чейин иштешүү өтө кыйын.

«Чет өлкөдөн келген өсүмдүк бул жерге ыңгайлашуусу үчүн сыноодон өткөрүлөт. Алар Бишкек шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү үчүн өстүрүлөт. Эң негизги милдети: сырттан келген өсүмдүктөрдү изилдөө. Бирок кара жумушту аткарганга, жер менен иштегенге жумушчулар керек, агротехник жана агрономдор керек. Тилекке каршы, ошондой иштей турган жумушчуларыбыз жокко эсе. Кароого, айланасын тосконго, камера орнотконго техникалык жардам керек. Айлыгы 3750 сом, мамлекет бөлгөн каражат — ушул. Бул аябагандай аз болгондуктан эч кимдин иштегиси келбейт. Ийне жалбырактуу өсүмдүктөрдүн арасы күйүп кетти. Ийне жалбырактуу бактар дегенде — 50-60 жыл болгон бактар болуп саналат. Буларда чайыр бар, эгерде алар күйө турган болсо токтобойт, мунун аягы да коркунучтуу. «Кышында ыштан дем ала албай жатам» деген элди белгилеп кетмекмин. Жайында ысыктан качып келгендер канча. Ким кылса да, өзүнүн элине, экологияга зыян алып келип жатканын баса белгилейт элем», — деди Гүлайым Дөңбаева.

«Жашыл энергетика» коомдук фондунун төрайымы Анаркүл Султангазиеванын айтымында, бак-дарак кышында абанын температурасын төмөндөтүп, ыштан сактайт, жайында абаны салкындатат; бак-дарак көп болсо, шаар экологиялык жактан таза болот. Бир дарак үч адамга керектүү кислород бөлүп чыгарат. Тилекке каршы, бул жагын өкмөт көзөмөлгө албай келет.

«Бул бакчалар жабык болушу керек. Ичине киргенде акча төлөп, ал жерден түшкөн акчаны бактарды жакшыртуу үчүн колдонуу керек. Мисалы, Ташкентте, Казакстандын ар бир шаарында ботаникалык бак бар. Горкий көчөсүндөгү парк тосулган эмес, жай мезгилде селсаяктардын үйү болуп калат. Алар от жагат, тамеки тартышат, ошолордун баарын кароо керек. Бизде токойлор үч эсе азайып кетти. Мэрия жыл сайын алмашат. Алар менен иштешели десек, кайра дагы алмашат — экологиялык көйгөйлөр менен иши такыр жок». 

Депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында ушул маселе туурасында сөз козгоп, Энвер Гареев атындагы ботаникалык бак каралбай калып, жоюлуп кетүү коркунучунда турганын эскерткен.

Белгилей кетсек, Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак аянты жана коллекциялык курамы жагынан Борбор Азиядагы эң ири катарына кирет. Ал 37 мамлекеттин 140 ботаникалык багы жана арборетуму менен урук, калемче, көчөт алмашуу, тажрыйба бөлүшүү жаатында кызматташып келет. Корукта өсүмдүктүн 6 миң 500гө жакын сорту бар.

Даярдаган: Орозгүл Аташова

Copyright © 2017 Maral FM