Connect with us

Абакиров: Улуттук банк долларга карата «баш айландырма» саясат жүргүзүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2022 | 612 | 0

Эки айга чукул убакыттан бери Кыргызстандын валюта рыногунда туруксуздук болуп, доллар бирде кымбаттап, бирде арзандап кетүүдө.

Экономист Элдар Абакиров «Маралдын» эфиринде азыр болуп жаткан валюта рыногундагы абалды Улуттук банктын «баш айландырма» саясаты катары баалады.

«Акыркы үч күндө мен бир нерсени байкап жатам. Азыр Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын сомго карата курсу 86-87 болуп турат. Мисалы, сиз бир долларды 87 сомдон сатып аласыз, 86 сомго кайра сатасыз. Ошол эле кезде тегеректеги банктарда курс 83-84 деп турат. Мен кызыгып, акча алмаштыруучу жайда иштеп жаткан кызматкерден: «Мен долларды банктан 85тен сатып алып, сизге 86дан сатып, пайда көрсөм болот экен да?» — деп сурадым. Ал: «Барып көрүңүз, бирок банкта акча жок, бербейт», — деп жооп берди. Эмне себептен мындай көрүнүш болуп жатат, мен толук түшүнгөн жокмун», — дейт Абакиров.

Экономисттин пикиринде, Улуттук банк жеке менчик банктарга «курсту ылдый көрсөткүлө» деген психологиялык ыкмаларды колдонуп жатат.

«Мен акыркы 10 жылда мындай нерсени көрө элек болчумун. Бул — Улуттук банктын «баш айландырма» саясаты. Бул такыр туура эмес», — деди экономист.

Copyright © 2017 Maral FM