Биз менен байланышыңыз

«Тажиктер кыргыздын чек арасына кирип, аткылоого көнүп алышты»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2022 | 1174 | 0

98 жылдан бери чек араны тактай албай, ызы-чуу болуп келе жатабыз. Бирок азыркыдай олуттуу абалга туш болгон эмес элек. Бул тууралуу коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Акыркы 8 жылдан бери жыл сайын 4-5 жолу кыргыз-тажик чек арасында сөзсүз чыр-чатак чыгып келе жатат. Тажикстандын аскерлери үчүн бул салтка айланып, кыргыздардын чек арасына кирип аткылоо көнүмүш адат болуп калган.

«Жыл сайын тажиктер бизди миномёт, гранатамёт, пулемёт менен, анан эң аягында автомат менен аткылап киришет. Ар кандай себептер менен. Өзгөчө жаз-жай мезгилинде, анан күзүндө эгин чабык учурунда, мал жайлоодон түшкөндө ызы-чуу башталат. Көнүмүш адатка айлантып алышты», — деди ал.

Мамытов 12-апрель күнү күндүз эки губернатор сүйлөшүп, келишимге келип, бирок түнү кыргыз чек арачыларды аткылап баштаганын сынга алып, коңшу мамлекет абийирсиз саясат жүргүзүп, тынч сүйлөшкөнгө кудурети жетпей турганынан кабар берерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM