Биз менен байланышыңыз

Жапаров мөөнөтү бүткүчө чек ара маселесин чечүү ниетин билдирди

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 387 | 0

Президент Садыр Жапаров кызматтык мөөнөтү бүткөнгө чейин чек ара маселесин чечип берүү ниети бар экенин «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар», — деди ал.

Ошондой эле президент жалпы журналисттерди, өзүн блогер деп эсептеген жарандарды кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты бурмалабай  берүүгө, алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериал таратканды токтотууга чакырды .

Мындан сырткары ал жалпы кыргызстандыктардан калп маалыматтарга ишенип алып, аны бөлүшпөөнү өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM