Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат (сүрөт)

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 1059 | 0

Бүгүн 13-апрель саат 11:00дө кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу жолугушуунун экинчи бөлүгү башталды. Ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода катышууда.

Алар абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча сүйлөшүүдө.

13-апрель саат 03:00дөн 03:55ке чейин «Кулунду-Авто жол» жана «Овчи-Калача-Авто жол»  көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон. Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Алимбаев: Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат (видео)

Copyright © 2017 Maral FM