Биз менен байланышыңыз

Алимбаев: Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат (видео)

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 412 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал бүгүн, 13-апрель саат 10:30га карата тынч. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Алимбаевдин айтуусунда, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн да уланат.

«13-апрель түнкү саат 3:00дө биз тажик тарап менен жолугушууларды өткөрдүк. Жолугушууда биринчи маселе катары кечээки болгон окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо, биргеликте иликтөө жүргүзүү боюнча макулдаштык. Экинчи маселе катары аскердик техникаларды, өздүк аскердик курамдарды алып чыгып кетүү, үчүнчү маселе катары Ханыбадам-Исфара-Арка трассасында биргеликте милиция кызматкерлери менен күзөт жүргүзүү маселесин чечтик. Азыркы учурда биз Максат айлында турабыз, саат 11:00дө да тажик тарап менен жолугушуу өткөрөбүз. Учурдагы негизги тапшырма — тынчтыкты сактоо» , — деди Алимбаев.

Ошондой эле ал Баткен районунда да абал тынч экендигин белгилеп, Баткен району менен Исфара райондорунун акимдери жолугуша турганын кошумчалады.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы «Кулунду» өткөрүү пунктунда эки тараптуу сүйлөшүү болгон. Жолугушуу түнкү саат 03:00дө башталып, 04:00дө аяктаган. Ага Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, чек ара кызматынын башчысы жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM