Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда отургузулган бак-дарак тышкы карызды жабат»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2022 | 489 | 0

«Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында отургузулуп жаткан көчөттөр бир гана экологиялык жактан эмес, экономикалык жактан да чоң пайда алып келип, ири каражат тартат. Бул тууралуу Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бак-дарактын көбөйүшү көмүртекти азайтат. Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча көмүртектин көлөмү чоң болгону үчүн ал экологиялык маселеге айланып, климаттык өзгөрүүлөр орун алган. Көмүртектин азайышына эл аралык уюмдар кызыкдар болуп, көчөт отургузуу үчүн каражат төлөп берүүгө даяр.

«Бизге эл аралык коом кайрылып: «Көчөт отургузгула, ал көмүртекти азайтат, а биз бул үчүн тышкы карызыңарды кечели», — деп жатышат. Ушундай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан тышкары азыркы тапта дүйнөдө жаңы «Көмүртек базары» түзүлүп жатат. Батыш өлкөлөрүндө чоң компаниялар табиятка канчалык көп зыян келтирсе, ошончолук көп салык төлөйт. Эгерде көчөт отургузса, салыкты аз төлөшөт. Бирок Батыш өлкөлөрүндө көчөт отургузганга жер жок болгондуктан, бизге кайрылып: «Силердин жериңерге көчөт отургузалы, бизге көмүртектин формуласын эсептеп берип, көчөт отургузганыбыз боюнча далилдөөчү сертификат берсеңер, каражат төлөп беребиз», — деп айтышууда», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров 2022-жыл — Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 12-мартында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн баштаган. Ага ылайык, жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM