Биз менен байланышыңыз

«Ош» базардын тегерегиндеги көчө соодасы иретке келтирилет

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Апр 2022 | 458 | 0

Бишкектеги «Ош» базардын тегерегиндеги көчө соодасы калаанын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири бойдон калууда. Бул маселе байма-бай көтөрүлгөнү менен бир топ жылдан бери чечилбей келет.

Бишкектин Ленин районунун акими Руслан Тагаев «Маралдын» эфиринде «Ош» базар жакын арада иретке келе турганын маалымдады.

Анын айтымында, базардагы соодагерлер менен меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, сатуучулар ичкери кирип, мыйзам чегинде иш алып барышат.

«Базардагы башаламан соода жүргүзгөн сатуучуларды жөн эле кубалабастан, ичинен орун таап берип, көрсөтүп, түшүндүрүү иштерин сүйлөшүү аркылуу жүргүзүп жатабыз. Алар да түшүнүү менен кабыл алып, «макул, киребиз» деп калышты. Азыркы учурда сатуучулар жыйырмадай күзөтчү жалдап алышты. Кээ бир сатуучулардын базардын ичинде орундары бар экен, бирок «сыртта соода жакшыраак болот» деп, алар базардын сыртында отурганга кызыкдар болуп көнүп калышкан экен. Алар менен да иш алып баруудабыз», — деди ал.

Тагаев «Ош» базардын тегерегиндеги көчө соодасы менен аягына чейин күрөшүп, иретке келтирүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

«Ош» базарынын айланасында миңге чукул көчө соодагери бар.

Copyright © 2017 Maral FM