Биз менен байланышыңыз

Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын жогорулатууну сунуштоодо

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 1604 | 0

Кыргызстанда учурдагы система боюнча пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жаштан чыгат. Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттик угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Европада аялдар жана эркектер бирдей эле 65 жашта пенсияга чыгат.

«Айымдар пенсияга эртерээк чыгат, ошол эле учурда орточо жашоо узактыгы да эркектерге салыштырмалуу көбүрөөк болот. Пенсионерлердин 70%ын айымдар түзөт. Дүйнөдө эркектер менен аялдардын пенсия курагын теңөөгө барып жатышат. Биз азыр теңөө жөнүндө сөз кылган жокпуз, биз болгону 58 жаштан 60 жашка көтөрүүнү сунуштап жатабыз. Пенсияга жаш курагы боюнча эркектер 63, аялдар 60 жашта чыга турган кылып, ортодогу айырмачылыкты 2-3 жыл кылууга аракет кылып жатабыз», — деди Гүлнура Жуматаева.

Айта кетсек, бүгүн, 11-апрелде «Пенсия системасын реформалоо жана 2023-2026-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун өнүгүүсү жөнүндө» Концепциянын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM