Биз менен байланышыңыз

Эң төмөнкү пенсия жана эмгек акы кайсы аймактарда? (Расмий жооп)

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 6369 | 0

Орточо 8119 сомдун тегерегинде пенсия алгандар Бишкек шаарында көбүрөөк. Ошол эле учурда жогорку 22 миң 677 сом пенсия алгандар да Бишкек шаарында. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева парламенттик угуу учурунда билдирди.

«Ал эми эң төмөнкү пенсия Ош обулсунда болуп, 5337 сомду түзөт. Ошол эле учурда эң төмөн эмгек акы Баткен облусунда болуп, 13 017 сомду түзөт. Ошондой эле эң көп пенсия алуучулар Ош облусунда, жалпы 141 миң 686 пенсионер бар. Андан кийин Жалал-Абад жана Чүй. Ушул үч облуста эң көп пенсия алгандар катталган» , — деди Жуматаева.

Пенсиялык системанын негизги эки булагы бар. Алар: камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшүшү жана республикалык бюджеттен түшкөн белгилүү суммалар.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 51%ы Бишкек шаарынан түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM