Connect with us

«Бир ишкер – бир көчөт» долбоорунун алкагында өзгөчө көчөттөр отургузулду (видео)

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 229 | 0

JIA бизнес-ассоциациясы «Элим Барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду менен бирге Бишкек шаарын жашылдандыруу максатында «Бир ишкер- бир көчөт» аттуу социалдык долбоорунун алкагында Ынтымак сейил багына 188 көчөт отургузду. Бул көчөттөр мурдагылардан көп жашаганы жана абаны тазалап турганы менен өзгөчөлөнөт. Бул тууралуу уюштуруучулар «Маралга» билдирди.

Иш-чарага орто жана чакан бизнес ээлери, журналистер жана ыктыярчылар катышты.

Бул долбоор ишкерлерге социалдык жоопкерчилик арттыруу максатында жүзөгө ашып келет.

Белгилей кетсек, 2018-жылы ишкерлер тарабынан Чүй облусундагы социалдык мекемелердин алдына жалпы 10 миң көчөт отургузулган. 2019-жылы 5 миң көчөт тигилген. Андан кийин пандемия учурунда мүмкүнчүлүк болбой, быйылтан баштап долбоорду ишке ашыруу аракеттери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM