Биз менен байланышыңыз

Мелис Аспековдун иниси алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 10 Апр 2022 | 949 | 0

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү 1992-жылы туулган А.А. аттуу жарандын алдамчылыкка шектелип кармалганын жарыялады.

Маалым болгондой, милицияга Бишкек шаарынын А.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда өзүн өлкө башчы Садыр Жапаров менен түз байланыштагы адам катары тааныштырган А. аттуу чала таанышы «Сары-Өзөн» базарынан жер тилкесин алып берем деп алдап, 44 миң долларын алып, ошол бойдон качып кеткен.

Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси менен катталып, иликтөө башталган. Анын жүрүшүндө А.А. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына камалган.

«Азаттык» сайты бул кармалган адам камактагы Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков экенин, аны эжеси да тастыктаганын жазды.

Мелис Аспеков 2021-жылдын 9-январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 250 миң доллар талап кылууга шектелип кармалган. Бул боюнча эки берене: «опузалап талап кылуу» жана «алдамчылык» менен иш козголуп, Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 23-мартында 7 жылга эркиндигинен ажыраткан. Андан тышкары 23 млн 429 миң сом айып салган.

Copyright © 2017 Maral FM