Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолунан» 250 миң $ талап кылгандар кармалды

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 564 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган жарандык активисттер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-январында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кылмыш-жаза кодексинин ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, М.А. жана У.Д. аттуу жарандар: «Органдар тарабынан текшерүү болушу мүмкүн жана ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштурабыз», — деп коркутушуп, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылышкан. Мекеменин жетекчилиги маселени оң жагына чечүү үчүн аталган жарандарга жогоруда көрсөтүлгөн акчаны берүүгө аргасыз болушкан.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Кармалган эки адам Мелис Аспеков жана Улан Жураев экени айтылууда. Бирок азырынча расмий маалымат бериле элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM