Биз менен байланышыңыз

Мелис Аспеков 7 жылга эркиндигинен ажыратылды (видео)

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 1702 | 0

Бүгүн, 23-мартта Биринчи Май райондук соту жарандык активист Мелис Аспековду 7 жылга эркиндигинен ажыратты. Соттук отурумдун видеосу Kaktus.media маалымат агенттигинин Ютуб каналына жарыяланды.

Соттук отурумда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковду опузалап пара алуу боюнча Мелис Аспековго козголгон кылмыш иш каралды.

Жыйынтыгында судья Марат Сыдыков жарандык активистти жалпы колониалдык режимде 7 жылга эркиндигинен ажыратуу боюнча чечимди окуп берди.

Айта кетсек, жарандык активист Мелис Аспеков жана анын шериги Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылууга шектелип, 2021-жылдын 9-январында кармалган. Кийинчерээк, 26-январда Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макулдук бергени үчүн үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM