20-апрелден тарта Орусиянын Махачкала шаарынан Кыргызстандын Ош шаарына учак каттай баштайт. Бул маалымат каттамды аткаруучу Red Wings авиакомпаниясынын сайтына жарыяланды.
Жүргүнчүлөрдү 100 орундуу Sukhoi Superjet-100 лайнери ташыйт. Учак жумасына бир жолу, шаршемби күндөрү учуп келип, кайра ошол эле күнү учуп кетип турат.
Учурда каттам белеттери авикомпаниянын сайтында жана агенттиктерде сатыкка коюлду.
Маалыматта SSJ100 үлгүсүндөгү учактар Орусиянын лизингдик компаниясына таандык экени жана тиешелүү камсыздандыруудан өткөрүлгөнү белгилеген.