Украинанын экономика министри Юлия Свириденко Орусия менен соода алакасын мыйзамдуу токтотконун расмий жарыялады.
Анын айтымында, бул чечим Орусиянын валюталык кирешесине жылына 6 миллиард долларлык бөгөт коюп жүрүп отурат.
«Өтө маанилүү чечим кабыл алынды. Бул 24-февралда болгон Орусия менен болгон соода мамилелеринин иш жүзүндө токтотулганынын мыйзамдуу ырастоосу», — деди Свириденко өкмөттүн жыйынында.